Кечээ, 17-июнда Казакстандын борбору Астана шаарында “Борбор Азия – Кытай” экинчи саммити өттү. Бул саммит — Борбор Азия мамлекеттеринин Кытай Эл Республикасы менен болгон кызматташтыгын саясий, экономикалык жана маданий жактан тереңдетүүгө багытталган регионалдык масштабдагы олуттуу окуя. Саммитке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан, Кытай жана Кыргызстандын Президенттери катышты.
Саммиттин алкагында өлкө башчылары бир катар стратегиялык мааниге ээ документтерге кол коюп, кызматташуунун жаңы инструменттерин түзүүгө жана бекемдөөгө макулдашышты. «Reporter.kg» бул макаласында саммиттин саясий, социалдык жана экономикалык аспекттери, ошондой эле Кыргызстандын кызыкчылыгына байланыштуу күтүлгөн жыйынтыктары тууралуу кеп кылабыз.
Жогоруда айтып өткөндөй, Экинчи саммит “Борбор Азия – Кытай” форматында аймактагы беш мамлекет — Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшүнүн экинчи баскычын баштоо максатында уюштурулган. Садыр Жапаров өз сөзүндө Борбор Азия менен Кытайды кылымдар бою байланыштырган тарыхый, соода жана маданий алакаларды белгилеп, бул алакаларды жаңы шарттарда кеңейтүүнүн зарылдыгын белгилеген .
Саммиттин максаты:
• Регионалдык экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү;
• Геосаясий өз ара аракеттерди координациялоо;
• Социалдык өнүгүү жана билим берүү тармактарында интеграцияны күчөтүү.
Кыргызстандын тышкы саясатындагы жаңы кадам
Кытай бүгүнкү күндө дүйнөлүк деңгээлдеги ири геосаясий оюнчу. Анын “Бир алкак – бир жол” глобалдык демилгеси аймактагы өлкөлөрдү өзүнө тартуу менен жаңы транспорттук маршруттарды түзүп, стратегиялык жактан маанилүү инфраструктураларды өнүктүрүүдө. Кыргызстан бул демилгеде чок ортодо жайгашкан байланыш түйүнү катары орун алууда.
Кытай-кыргыз мамилелеринин бекемделиши
Садыр Жапаров Кытай менен болгон мамилеге өзгөчө маани берип жатканын кайрадан билдирди. Президент белгилегендей, Кыргыз Республикасы өз ара урматтоого, тең укуктуулукка жана ишенимге негизделген стратегиялык өнөктөштүктү жогорку деңгээлде сактап келет. Бул мамиленин алкагында бир нече маанилүү документтерге кол коюлду. Алардын арасында:
• Жасалма интеллект борборун түзүү;
• Суу ресурстары боюнча техникалык колдоо;
• Саламаттык сактоо жана санитардык көзөмөл боюнча кызматташтык;
• Маалымат жана медиатүзүмдөр ортосундагы кызматташтык.
Регионалдык стабилдүүлүк жана коопсуздук
Коопсуздук маселеси да күн тартибинде болду. Чек арадагы координация, маалымат алмашуу жана терроризмге каршы күрөшүү өңдүү темалар Борбор Азиянын жалпы кызыкчылыгына жооп берет. Кытай аймактагы стабилдүүлүктүн сакталуусуна кызыкдар болуп турат, анткени бул анын инвестициялык долбоорлорунун ийгиликтүү ишке ашуусуна түз таасир этет.
Билим берүү жана адистерди даярдоо
Саммиттин жыйынтыгында түзүлгөн “Кызматташтык борборлору” төмөнкү багыттарда иш алып барат:
• Билим берүү жана санариптик окутуу;
• Жакырчылыкты жоюу жана социалдык көмөк көрсөтүү;
• Чөлгө айланууга каршы күрөшүү жана экологияны коргоо.
Бул борборлор Кытайда жайгашмакчы, бирок Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан, өз адистерин окутууга жана тажрыйба алмашууга активдүү катыша алат. Бул билимдин экспорттолушу гана эмес, интеллектуалдык капиталдын күчөшүнө шарт түзөт.
Жумушчу орундар жана социалдык динамика
Ири инфраструктуралык долбоорлор — өзгөчө “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолу — Кыргызстандын аймактарында жаңы жумушчу орундардын түзүлүшүнө, региондордун активдешүүсүнө, жана калктын кирешесинин өсүшүнө шарт түзөт. Бул социалдык теңсиздикти азайтып, миграциянын кыскарышына алып келишин шарттайт. Эскерте кетсек, Кытай-Борбор Азия” Биринчи саммитинен соң Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоорунун картасы сүрөттөлүп, Иран-Түркия жана андан ары Европага чыгуу перспективасы пайда болду.
Айрым адамдар бул долбоорду “Кытай Россияны айланып өтүүчү жол куруп жатат” деген таризде талкуулап жатышты.
Бирок адистердин айтуусуна караганда, ири долборду бул өңүттөн талкуулоо туура эмес.
Биринчиден, бул жол Россиядан миңдеген чакырым алыс жайгашып, анын биринчи этабы Өзбекстанга чыгуу болуп саналат. Бул этап ишке ашкандан кийин гана темир жол Ыраакы Чыгышты карай кандайча курула тургандыгы жөнүндө талкууласак болчудай.
Экинчиден, Иранга мындай темир жол каттамы Казакстан аркылуу буга чейин эле бар. Тактап айтканда, Кытай-Казакстан-Түркмөнстан-Иран. Ал Россиянын Транссибирь темир жол магистралына атаандаш эмес. Анын үстүнө россиялык бул темир жол тыгындан жабыркап келет.
Үчүнчүдөн, Казакстандын маршрутунун тажрыйбасына токтоло турган болсок, Ирандан кийин Түркияга жетүү өтө кыйын, анткени Иран ар кандай санкцияларга кабылган. Тегеран менен Анкаранын ортосундагы оңой эмес саясий кырдаалды айтпаса да түшүнүктүү.
Ошентип Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан каттамы Казакстанды айланып өтөт жана жүк ташууда атаандаштык күч алат.
Бирок бул коңшу Казакстанга зыян алып келбейт. Анткени Казакстандын темир жол өткөөлдөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү максимум колдонулуп, кошумча Бакты-Чугучак жаңы темир жол өткөөлүн куруу муктаждыгы жаралып, казак бийлиги Достык-Алашанкөлдү модернизациялоону жарыялаган.
Россияда айланып өтүүчү жолдор темасында Транссибирь темир жолуна залакасы тийбесе экен деген чочулоо бар. Себеби, Россияда бул Транссибирь темир жол магистралы Томск шаарын айланып өтмө болуп курулганда, аталган шаарга олчойгон зыянын тийгизген.
Ошондуктан, 2013-жылы “Бир алкак – бир жол” демилгеси тууралуу сөз кыла баштаганда орусиялык эксперттер биринчи кезекте Ыраакы Чыгыш жана Сибирь үчүн “Томсктун тагдырынан” чочулап, ушул окуяны эстешкен.
Бирок калыстык үчүн, Томск эч жерде жоголуп кеткен жок жана бүгүнкү күнгө чейин бүткүл Россиянын ири билим берүү жана илимий борбордун ролун ойноп жатканын белгилей кетүү керек.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулса, Россиядан миңдеген чакырым алыс жайгашып, аларга кымындай да зыянын тийгизбейт. Ал эми Кыргызстан үчүн пайдалуу долбоор болмокчу.
Инфраструктура жана транзит
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу — региондогу эң чоң транспорттук долбоорлордун бири. Анын ишке ашышы менен Кыргызстан:
• Азия менен Европаны байланыштырган маанилүү логистикалык түйүнгө айланат;
• Жүк ташуудан жана транзиттен түз пайда көрөт;
• Ички жолдор жана аймактык инфраструктура да өнүгөт.
• Инвестиция жана финансы
Кытай Кыргызстандагы негизги инвестициялык өнөктөш бойдон калууда. Бул саммитте кол коюлган жаңы макулдашуулар Кыргызстандын:
• Суу, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жай тармактарына жаңы капитал тартуусуна;
• Электрондук коммерция жана финансы технологияларын ишке киргизүүсүнө шарт түзөт.
Жашыл экономиканы өнүктүрүү
Саммитте кабыл алынган “Жашыл минералдар” боюнча кызматташтык — экологиялык туруктуу өнүгүүгө багытталган. Кыргызстан бул тармакта таза өндүрүш, жаңылануучу энергия жана экологиялык стандарттар боюнча Кытай менен тажрыйба бөлүшүп, таза экономика курууга кадам таштай алат.
“Борбор Азия – Кытай” Экинчи саммити Кыргызстандын тышкы саясатынын, экономикасынын жана социалдык өнүгүүсүнүн жаңы барагын ачты. Садыр Жапаровдун дипломатиялык кадамдары аркылуу Кыргызстан Кытай менен стратегиялык кызматташтыгын тереңдетти, ири инфраструктуралык долбоорлордо реалдуу прогресске жетишти, социалдык жана билим берүү тармагында эл аралык деңгээлде кызматташууну кеңейтти.
Бул саммит аймактык кооперацияны чыңдоого, Кыргызстандын эл аралык аренадагы ордун бекемдөөгө, жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү жаратты. Эгер өлкө бул демилгелерди ийгиликтүү ишке ашыра алса, анда саммиттин саясий декларацияларынан сырткары конкреттүү социалдык-экономикалык натыйжаларга жетише алат.
Ал эми бул боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов бизге берген маегинде төмөнкүлөргө токтолду.
«Борбор Азия-Кытай» саммити Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Кытайдын лидерлери келечекти сактап калуу боюнча жаңы аймактык консенсусту түзгөн иш-чара болуп саналат. Геосаясий жана геоэкономикалык бороон-чапкындар биздин өлкөлөрдүн ийгиликтүү өнүгүүсүндө аймактык кызматташтык негизги ролду ойноорун жана ага ишеним атмосферасында жана заманбап саясий жана экономикалык реалдуулукту чагылдырган жаңы структураларды колдонуу менен гана жетишүүгө болорун көрсөтүп турат.
Биринчи «Борбор Азия-Кытай» саммитинин (2023-жыл) жыйынтыгы боюнча кызматташуу боюнча 54 келишим жана демилге, 9 көп тараптуу документке кол коюлуп, 19 кызматташуу механизми жана платформасы түзүлдү. Алардын тизмеси, максаттарынын жана милдеттеринин сыпаттамасы бир барактан ашыкты ээлейт, бирок алардын ар бири өз ара пайдалуу кызматташуу жөнүндө – соодадан билим берүүгө жана инновациялык технологияларга чейин камтылат.
«Борбор Азия-Кытай» механизми аймактык кызматташтык макулдашылган максаттарга натыйжалуу жетүүгө, пайда болгон коркунучтарды жеңүүгө жана пайда болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга мүмкүндүк берерин көрсөтүп турат. Иран-Израиль Батыш Азияда (Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыш деп да белгилүү) болуп жаткан окуялар коңшулаш аймактарды, анын ичинде Борбордук Азияны да кооптондурат. Адегенде Ирак менен Ливия, андан кийин Сирия менен Ливан, андан кийин Газа тилкеси жана азыр Иран – бул планетанын азайып бара жаткан ресурстарына глобалдык үстөмдүктү сактап калуу каалоосунун чоң сүрөтүнүн бир бөлүгү. Өкүнүчтүүсү, карапайым элдин жашоосу экинчи планга өтүп кетти. Согуш дайыма гуманитардык катастрофа менен коштолот. Кээ бирөөлөр үчүн бул трагедия болсо, башкалары үчүн бул бизнес, кээде мыйзамсыз. Иран менен Израилдин ортосундагы аскердик соккуларды алмашуу дагы бир гуманитардык катастрофага алып келет. Чоң айырма менен Израилден келген качкындар Европа менен АКШга кабыл алынат, ал эми Ирандан келген качкындардын көбү Борбор Азия өлкөлөрүнө барууга аргасыз болушат. Биз бул гуманитардык катастрофанын кесепеттерине даяр болушубуз керек»,-деди эксперт.