Кыргызстанда 2025-жылдагы жаратылышты коргоо ишинин жыйынтыктары чыгарылды: 4 млн сом айып пул жана сейрек кездешүүчү жаныбарларды алууКыргызстан Евробиримдиктин мүмкүн болгон санкцияларын сотто талашууга даярЮНЕСКО VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий патронаж бердиКадамжай районунда «Анхор» каналын оңдоо иштери аяктап, дыйкандарга суу бериле баштадыАКШнын Иранга басып кириши. Эксперт глобалдык терроризмдин жаңы доорун божомолдоодоБишкекте жоогазындар фестивалы өтүп жатат
Такыр-Төр көлүнүн суусу кайрадан ташып, унаа жолду каптады. Тургундар эвакуацияланды
01.07.2025 | 09:19
Бүгүн, 1-июлда түнкү саат 03:00 чамаларында Ысык-Ата районунда жайгашкан Такыр-Төр көлүнүн агып жаткан суусунун көлүмү көлөмү көбөйүп, Алмалуу жана Горная-Серафимовка айылдарынын ортосундагы унаа жолду каптап, унаа жол жабылган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда сунунун агымы 4-8 куб метди түзүүдө.
ӨКМнын Ысык-Ата районундагы бөлүмү тарабынан Алмалуу жана Кебек-Бий (Горная Серафимовка) айылдарынын калкы менен Нижняя-Серафимовка айылындагы карылар үйүндөгү жарандар коопсуз жайга эвакуацияланган. Алмалуу жана Кебек-Бий айылдарында блок посттор коюлган.
ӨКМ жергиликтүү тургундарга өз убагында кабар берилгенин, жеринде адистер көлдүн абалына байкоо жана көзөмөл жүргүзүп жатышканын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: ӨКМ, Такыр-Төр көлү