Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров эртең, 2-июлда, Москвага иш сапары менен барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Бул сапар эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөө жолундагы кезектеги кадам болуп саналат. Күн тартиби экономикадан жана энергетикадан тартып эмгек миграциясына жана гуманитардык кызматташтыкка чейин ар тараптуу маселелерди камтыйт.
Кыргызстандын президенттик аппараты билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык тармактардагы актуалдуу маселелерди талкуулашат. Эксперттердин баамында, бул расмий формулировкалардын артында эки өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон бир катар конкреттүү темалар турат.
«Ой Ордо» эксперттик демилгелер борборунун директору Игорь Шестаков белгилегендей, Садыр Жапаровдун президенттик тушунда кыргыз-орус мамилелери өзгөчө динамикалуу өнүгүүдө. Мунун айкын далили — мамлекет башчылары, өкмөттөр жана негизги мекемелер деңгээлинде өтүп жаткан үзгүлтүксүз жолугушуулар.
Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы — экономика. Орусия Кыргызстан үчүн негизги экспорттук рынок болуп саналат жана продукцияны сатууда алдыңкы орунда турат. Кызматташтык эки тараптуу деңгээлде да, ЕАЭБ менен КМШнын алкагында да активдүү өнүгүүдө.
«Эки өлкөнүн ортосундагы орточо жылдык соода жүгүртүү 3 миллиард доллардан ашат жана бул көрсөткүч өсүүдө», — деп белгилейт Шестаков. — Ошондуктан президенттер бул көрсөткүчтү дагы да жогорулатуу жолдорун талкуулайт деп күтүлүүдө.
Инвестициялык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулушу мүмкүн. Орусиялык компаниялар энергетика тармагындагы ири курулуш долбоорлорун ишке ашырууга кызыкдар. Бул долбоорлор Кыргызстан үчүн суу-энергетикалык коопсуздук маселесин чечүүгө багытталган жана президенттердин жолугушуусунда башкы темалардын бири болушу ыктымал.
Маанилүү темалардын бири — эмгек миграциясы. Кээ бир өзгөрүүлөргө карабастан, Орусия кыргыз мигранттары үчүн негизги багыт бойдон калууда. Алардын Кыргызстанга жиберген акчалай которуулары өлкөнүн экономикасын колдоп турган маанилүү фактор болуп эсептелет. Бул каражаттар жарандардын үй-бүлөлүк социалдык маселелерин гана чечпестен, аймактык экономикага, банк секторуна жана кызмат көрсөтүү тармагына чоң салым кошуп келет.
Экономикалык жана социалдык тыгыз байланыштардын фонунда гуманитардык чөйрөнүн да мааниси жогору болууда. Жакында билим берүү программаларын биргелешип ишке ашыруу демилгеси көтөрүлдү. Бул — республикада орус тилине болгон жогорку суроо-талаптын айкын белгиси.
Бирок Игорь Шестаков белгилегендей, бул оң тенденция акыркы убакта Улуттук тил комиссиясы тарабынан сунушталган мыйзам демилгелери менен карама-каршы келүүдө. Бул өзгөртүүлөр көпчүлүк тарабынан орус тилинин расмий макамын алсыратуу аракети катары бааланууда.
«Мындай демилгелердин артында кыргыз коомунда орус тилин четке кагууну каалаган сырткы күчтөр турат деген таасир калат», — дейт саясий талдоочу. — Бул болсо президенттин орус тилин сактоо боюнча бир нече жолу жасаган билдирүүлөрүнө карама-каршы келет.
Ушундан улам Садыр Жапаровдун Москвага боло турган сапары жөн гана расмий иш-чара эмес, эки тараптуу мамилелердин бардык тармактары боюнча маанилүү сүйлөшүүлөр болору күтүлүүдө. Бул жолугушуу салттуу кызматташтык багыттарына жаңы дем берип, эки өлкө үчүн маанилүү болгон жаңы жана сезимтал маселелерди чечүүгө түрткү берери шексиз.