Санитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыБир дарак кыйылса — ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты«Тоолордон бийик — бир гана элес»: Бишкекте алгачкы альпинизм музейи ачылдыБишкек менен Тбилиси муниципалитеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүүнү талкуулаштыКыргызстанда 17 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилдиТүштүк Кореядагы массалык мушташта кыргызстандыктар жабыркады — КР ТИМи
Бишкекте жыл сайын өткөрүлүүчү кимчи фестивалы өттү
26.10.2025 | 10:32

Бишкек шаарында, Курманжан датканын эстелигинин алдындагы аллеяда, Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги жана Бишкек шаардык мэриясынын колдоосу менен жыл сайын өткөрүлүүчү кимчи фестивалы болуп өттү.
Мэрия маалымдагандай, иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачёва, Корея элчиси Ким Кванджэ мырза, ошондой эле Кыргызстандагы корейлер ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.
Фестиваль коноктор үчүн түрдүү иш-чаралар менен коштолду:
— корей тамак-ашы, косметикасы жана улуттук кийимдери сатылган жарманке,
— кимчи жасоо боюнча мастер-класс,
— студенттердин салттуу жана K-pop бийлери,
Ал эми майрамдын соңунда катышуучулар кимчиден даам сызуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.