1-июлда КМШга мүчө мамлекеттердин эксперттик тобунун жыйыны болуп өттү. Анда радиоактивдүү калдыктар, колдонулган өзөктүк отун менен иштөө жана өзөктүк жана радиациялык кооптуу объекттерди эксплуатациядан чыгаруу жаатындагы 2030-жылга чейинки кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды. Бул тууралуу КМШнын Аткаруу комитети билдирди.
Иш-чарага Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстандын, ошондой эле КМШнын Аткаруучу комитетинин өкүлдөрү катышты.
Маалыматка ылайык, негизги багыттар боюнча долбоор КМШга мүчө мамлекеттердин колдонулган өзөктүк отун, радиоактивдүү калдыктар менен иштөө жана өзөктүк жана радиациялык кооптуу объекттерди эксплуатациядан чыгаруу маселелери боюнча базалык уюму болгон “ТВЭЛ” ААКсы тарабынан иштелип чыккан.
Документ өзөктүк жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, радиациялык коркунуч жараткан объекттерди коопсуз абалга келтирүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, улуттук атомдук энергетиканы өнүктүрүүгө шарт түзүү максатын көздөйт.
Жыйында катышуучулар сунушталган демилгелерди карап чыгып, кенен талкуудан кийин аталган долбоорго макулдук беришкен.
Документ эми КМШнын Экономикалык кеңешинин кароосуна киргизилет.