Сасык тумоо: өлкө боюнча 207 мектеп онлайн окууга өтүп, 217 бала бакча жабылдыТашиев Чүй проспектисин тарыткан Old Bishkek’тин курулуштарын алып салууну тапшырдыУКМК чет элдик адам шпионаж жасоого айыпталып соттолгонун билдирдиКыргызстанда суу менен камсыздоо тармагына инвестиция эки эсе өстүБаткендин Зардалы айылына алып барчу унаа жол жакында ачылатЧукул кабар! Унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт
Жыл башынан бери сууга чөгүп каза болгондордун саны 33кө жетти
03.07.2025 | 14:57
Быйылкы жылдын 3-июлуна карата республика боюнча сууга чөгүп каза болгон адамдардын саны 33кө жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын 21и жай мезгилинде каза болгон.
ӨКМнин маалыматына караганда, былтыр 2024-жылы жалпы 35 адам сууга чөгүп көз жумган. Каза болгондордун 35 пайызын чоңдор, ал эми 15 пайызын 12 жашка чейинки балдар түзгөн.
«Тилекке каршы, жыл сайын сууга түшүү учурунда коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан улам адам өмүрлөрү кыйылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыш жана жай мезгилдеринде суу коопсуздугу тууралуу калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Айрым суу объектилерине түшүүгө болбой турганын да эскертип жатабыз», — деп айтылат ӨКМ тараткан маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар