Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду «Оско» ишканасынын өндүрүшүн кеңейтүүгө 1 млн доллар бөлдү

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду «Оско» ишканасынын өндүрүшүн кеңейтүүгө 1 млн доллар бөлдү

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду жемиш-жашылча продукциясын кайра иштетүүчү «Оско» ишканасын өндүрүшүн кеңейтүү үчүн каражат бөлдү. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражаттын эсебинен ишкана болжол менен 500 чарчы метрлик жаңы цех курат.

Жаңы цехке сублимациялык кургатуу линиясы орнотулат. Ал жемиштердин пайдалуу касиеттерин, даамын жана жытын толук сактап калууга мүмкүнчүлүк берет. 2026-жылга чейин заводдун кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү суткасына 4,2 тонна чийки затка жетет.

Фонддун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиковдун айтымында, 1 миллион доллардан ашуун инвестиция кайра иштетүү кубаттуулугун эки эсе жогорулатууга жана Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Учурда компаниянын продукциясынын 90%дан ашыгы ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>