Кеминде бир тоннадан ашык кара куурай жок кылынды

Кеминде бир тоннадан ашык кара куурай жок кылынды

Чүй облусунун Кемин районунда 1 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-июлда Кемин райондук милициясынын кызматкерлери «Кара-Куурай» аталышындагы иш-чарасы жүргүзүшкөн.

Анын алкагында Чоң-Кемин айыл аймагынын аймагындагы кара куурай өскөн жерлер аныкталып, 1 тоннадан ашык жапайы кара куурай өрттөлүп, жок кылынган.

Ошондой эле милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга баңгизат камтыган өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жана колдонууга тыюу салынганы тууралуу эскертүү иштерин жүргүзүшкөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>