Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Камчыбек Ташиев УКМК академиясынын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду тапшырды
04.07.2025 | 11:55
Бүгүн, 4-июлда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) аскердик окуу жайларынын жана УКМКнын академиясында кесиптик кайра даярдоодон өткөн бүтүрүүчүлөргө алгачкы аскердик наамдарды жана дипломдорду тапшырды.

Иш-чарада Ташиев бүтүрүүчүлөрдү окуусун ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, мекенге кызмат кылууга болгон даярдыгы, тартиптүүлүгү жана кесипкөйлүгү үчүн жогору баа берди.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда биринчи жолу коопсуздук тармагына адистерди системдүү түрдө даярдоочу УКМК академиясы ишке кирди. Бул окуу жай коопсуздук кызматкерлерин, чек арачыларды жана башка тармактык адистерди даярдоого багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар
Теги: УКМК академиясы