Коомду мите курттай жеген зордук-зомбулукту кантип токтотобуз?

Коомду мите курттай жеген зордук-зомбулукту кантип токтотобуз?

Биздин коомдо зордук-зомбулук эң орчундуу жана терең тамыр жайган социалдык көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Бул кейиштүү көрүнүш далай тагдырларга балта чаап, балдардын тагдырын талкалап, келечек муундардын психологиялык абалына оор залал келтирүүдө. Маселенин канчалык деңгээлде олуттуулугу расмий статистика менен да тастыкталууда.

Мындай зомбулуктун жүзүн Берметтин (аты өзгөртүлдү) окуясынан да көрүүгө болот. 33 жаштагы эки баланын энеси көп жылдар бою күйөөсүнүн зомбулугуна чыдап жашап келгенин айтат. Балдарынын келечеги үчүн унчукпай келген Бермет акыры чыдамы түгөнгөндө, социалдык кызматкерлердин жардамы менен кризистик борборго жайгаштырылган. Бүгүн ал жаңы турмуш баштап, тынч жана коопсуз жашоого умтулуп келет.

Бул окуя миңдеген аялдардын жана балдардын жашап жаткан окуясы. Бирок алардын көбү уялып же коркуп, жардам сураганга батынбайт.

Өкмөт 2023-жылы «Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча Улуттук программаны» кабыл алган. Анын алкагында 50дөн ашуун кризистик борборлор иштеп жатат. Ошондой эле жабыркагандар күнү-түнү иштеген ишеним телефон аркылуу психологдордон жана юристтерден жардам ала алышат.

Адистер бул көйгөйдү чечүү үчүн үч негизги багытка көңүл буруу керектигин белгилешет:

— Билим берүү системасы аркылуу алдын алуу – мектептен баштап балдарга зомбулуктунзыяны, адам укуктары жана тең укуктуулук тууралуу билим берүү.

— Коомдукаң-сезимди өзгөртүү – массалык маалымат каражаттары аркылуу зомбулукка каршы кеңири маалыматтык кампания жүргүзүү.

— Жабыркагандарды колдоо – кризистик борборлорду көбөйтүү, материалдык-техникалыкбазасын жакшыртуу жана укуктук жардам берүү.

Зомбулук, айрыкча аялдарга жана балдарга карата болгон зомбулук  Ислам дининдеги жана кыргыз элинин салт-санаасында кабыл алынгыс көрүнүш. Аял  ар-намыс, бала аманат деп эсептелген коомдо мындай зомбулукка орун болбошу керек.

Бирок зомбулуктун айрым терең тамырлары дагы эле коомдо жашап келет. Мисалы, “аял чыдаш керек”, “эркек башчы” же “сенден мен кыйын” деген эски түшүнүктөр жана жакында гана орун алган Бишкектеги мейманканалардын биринде орун алган топ эркектин 3 кызды сабаган окуясы буга далил.

Бул жерде акчасына, ата-энесинин аброюна таянган Кыргызстандагы белгилүү алып баруучу Ассоль Молдокматованын уулу Жан Воинов менен келини өзүнүн  “командасын” топтоп  эс алып жүргөн алсыз, назик кыздарды жалпылап ур-токмокко алышкан.

Кыздар 3 күн унчукпай отуруп, “уят болот” деген социалдык кысымга кабылуудан коркуп, акыры  зордук-зомбулукту жаап-жашыруу мүмкүн эместигине көздөрү жетип окуя тууралуу үн каткан. Коомчулукта бул окуя резонанс жаратып, учурда шектүүлөрдүн экөө ИИМ тарабынан кармалды. Бирок, ачыкка чыкпай калган окуялар канча?

Ал эми Ассоль Молдокматова бул окуя боюнча мындай деген:«Көп жылдан бери коомдо болгон көйгөйлөрдү айтып, балдарды, аялдарды коргоп келем. Болгон окуя катуу тийди, азыр мага оор болуп жатат. Учурда тергөө жүрүүдө, анын жыйынтыгын күтөлү. Акыйкат чечим чыгат деп күтөм. Бул менин балдарым, мен аларды жакшы көрөм, Зарина өз кызымдай, неберелеримдин апасы. Чоң кишилер жасаганына өздөрү жооп бериши керек. Мен дайыма акыйкат тараптамын«, — деген.

Деги эле зордук-зомбулуктун негизги себептери эмнеден келип чыгат? Албетте, билимдин, тарбиянын жетишсиздиги,кээде көпкөнчүлүктөн,  жокчулук жана үй-бүлөлүк стресстер, ата-эненин миграцияда жүрүп, балдардын кароосуз калышы жана коомдук стереотиптер жана уяттуу көрүнүш катары кабыл алуусу.

Зордук-зомбулукка каршы күрөш бул бир эле мамлекеттик эмес, ар бир жарандын, үй-бүлөнүн, маалымат каражаттарынын жоопкерчилиги. Зомбулуктун алдын алуу келечек муундардын татыктуу жашоосунун кепилдиги.

Андыктан зомбулук фактысына туш болсоң кайдыгер караба, үн кат, жардамга чакыр!

Рубрики: МАКАЛАЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>