Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Кыргызстандын үч шаарында Үй-бүлө, сүйүү жана берилүү күнүн белгилешет
05.07.2025 | 23:24
6-8-июль күндөрү Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында Үй-бүлө, сүйүү жана берилүү күнүнө арналган иш-чаралар өтөт. Басты окуя — бирге жашап, никеде 25 жылдан ашык убакыт өткөргөн жубайларды сыйлоо болот.
Быйыл 31 үй-бүлөгө «Сүйүү жана берилүү үчүн» медалы, Ардак грамоталары жана бул майрамдын символу болгон ромашка гүлдөрү тапшырылат. Өзгөчө урмат-сый 60 жылдан ашык бирге жашаган жубайларга көрсөтүлөт. Борбор калаада майрамдын урматына епархиянын хору жана Опера жана балет театрынын солисттеринин катышуусунда концерт болот.
Рубрики: Жаңылыктар