Өзбекстандын экономикасы 2026-жылы 7 пайыздык деңгээлде өсөрү болжолдонуудаДепутат Орусиянын абактарында жаткан кыргызстандыктарды экстрадициялоону күчөтүүнү сунуштадыЭртең эртең менен Кыргызстанга Омандан алгачкы эвакуациялык каттам келет«Сабыр» жана суахили: Кыргызстан африкалык сүйүүнү кантип тосуп алды?БАЭнин фондулук биржалары ишин кайра жанданттыМай айы окуяларга бай болот: “Кыргызстан аэропортторунун” жетекчиси кара тизмеден чыгуу, 25 млн доллар сарпталган реконструкция жана Burger King тууралуу
Кендирбаева: Жаңы окуу китептери сапаттуу жана балдарга ылайыктуу болушу керек
07.07.2025 | 09:38
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо маселелери боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Жыйынга «Окуу китеби» басма үйүнүн, Билим берүү академиясынын кызматкерлери жана министрдин орун басарларынын катышкан.
Жыйында жаңы муундагы «Математика», «Табият таануу» окуу китептерин даярдоо, басып чыгаруу маселелери каралган. Анда окуу китептеринин мазмуну, тили жана визуалдык чечимдери боюнча бир катар эскертүүлөр жана методикалык сунуштар айтылган.
Министр сапаты жогору жана баланын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыкталган окуу материалдарын иштеп чыгуу маанилүү экенин баса белгилеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Агартуу министрлиги, окуу китеп