Кайда экенин билебиз, бирок жетүү мүмкүн эмес: Тоолор Наталья Наговицинаны коё берген жокКыргызстанда калктын саны 7,3 миллион адамга жеттиБишкекте “Достуктун алтын көпүрөсү” эстелиги ачылдыБыйыл Кыргызстан Ооганстанга жүк ташуучу унаалардын экспортун көбөйттүКыргызстанда 3400дөн ашык айдоочуга ОСАГО жоктугу үчүн айып пул салындыБишкектеги жол оңдоо иштери качан бүтөт? Тургундардын сабырын сынаган тыгын
Чукул кабар: 8-11-июлда тоолуу аймактарда сел жүрүшү күтүлөт
07.07.2025 | 13:20
8-11-июль күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Бул тууралуу ӨКМнын Кыргызгидромет кызматы билдирди.
“Бул күндөрү тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуңуз. Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз, токтоосуз түрдө 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат!”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом