Президент Садыр Жапаров жакын арада Тажикстан Республикасына мамлекеттик сапар менен барууга даярданып жатат. Бул тууралуу Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип расмий маалымат таратты.
Анын айтымында, эл аралык практикада мамлекет башчыларынын өз ара мамлекеттик сапарларды алмашуусу белгилүү убакыт ичинде жүрөт. Бирок Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда мындай сапарлардын болгону төрт ай аралыгында жүзөгө ашырылышы — кыргыз дипломатиясынын тарыхында оң прецедент болуп эсептелет.
«Бул урматтуу Президент Садыр Жапаровдун Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон алакаларды чыңдоого, достук, өз ара ишеним жана жакшы коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө болгон чечкиндүүлүгүн көрсөтөт», — деди Абдумуталип.
Ошондой эле ал, Жапаровдун Тажикстандын чакыруусун кыска убакытта кабыл алып, мамлекеттик сапарга баруу чечими — чек арага жакын жайгашкан Баткен жана Ош облустарынын тургундарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканынан кабар берерин белгиледи.