Бүгүн «Тунгуч» кичи районунда ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Бүгүн «Тунгуч» кичи районунда ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Бүгүн, 8-июлда, Бишкектеги «Тунгуч» кичи районунда саат 9:00дөн 14:00гө чейин ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ысык суунун токтотулушу №9 насостук станциядагы өчүрүү жана жөнгө салуу клапандарын пландуу оңдоо иштерине байланыштуу.

Муниципалдык «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасы тургундардан жаралган ыңгайсыздык үчүн түшүнүү жана чыдамкайлык менен мамиле кылууну өтүнүп, ыраазычылык билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>