Жарандар кунарсыз жайыттарды пайдалануу үчүн арыз тапшыра алышат

Жарандар кунарсыз жайыттарды пайдалануу үчүн арыз тапшыра алышат

Кыргызстандын жарандары жана юридикалык жактары айыл чарба иштерин жүргүзүү үчүн кунарсыз жайыттарды пайдаланууга арыз бере алышат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жер алуу үчүн жаран же мекеме өзү жашаган аймактагы мамлекеттик администрацияга кайрылып, жер тилкесинин категориясын, аянтын жана пайдалануу боюнча техникалык-экономикалык негиздемени көрсөтүү менен арыз тапшырат.

Андан кийин документтер райондук комиссияга жөнөтүлөт. Комиссия тиешелүү талдоо жүргүзүп, жайытты башка категориядагы айыл чарба жерлерине өткөрүү (трансформациялоо) тууралуу чечим кабыл алат.

Оң чечим чыккан учурда участок Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна кошулуп, 20 жылга чейин пайдаланууга берилет. Кунарсыз жайытты пайдалануу үчүн ижара акысы жер салыгынын көлөмүндө белгиленет.

«Жайыт берилген учурда анын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу милдеттүү шарт болуп эсептелет. Бул кадам пайдаланылбай жаткан жерлерди кайра айлантууга жана айыл чарба өндүрүшүнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзөт»,- деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>