Чолпон-Ата шаарында эки айга созулган масштабдуу көргөзмө-жарманке өтөт (программасы)

Чолпон-Ата шаарында эки айга созулган масштабдуу көргөзмө-жарманке өтөт (программасы)

5-июлдан 25-августка чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда масштабдуу «Ысык-Көл 2025» айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жарманке күн сайын саат 10:00дөн 18:00гө чейин өткөрүлөт. Жарманкеге кирүү акысыз. Ыңгайлуу унаа токтотуучу жай, эс алуу чатырлары жана отургучтар каралган.

Жарманкеде жергиликтүү дыйкандар өндүргөн жашылча-жемиштер, эт, сүт азыктары, бал, ошондой эле улуттук тамак-аштар жана таттуулар болот.

Мындан тышкары этно кийимдер жана кол өнөрчүлөрдүн колунан жаралган ар кандай буюмдар, гүлдөр жана декоративдүү өсүмдүктөрдүн көчөттөрү сатылып, аларды багуу боюнча кеңештер берилет. Мастер-класстар жана кайнатмалардын, майлардын, чөптөн жасалган рецепттердин даамын татуу уюштурулат.

Иш-чара  Айыл чарба министрлиги тарабынан жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү жана кол өнөрчүлөрдү колдоо, айыл чарбасын өнүктүрүү максатында уюштурулууда.

Белгилей кетсек, жарманкеден түшкөн каражат ипподромду жакшыртууга жана асыл тукум ат чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталат.

Кошумча маалымат жана катышуу боюнча байланыш телефону:
+996 555 346060

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>