Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Садыр Жапаров: Кыргыз-тажик мамилеси жаңы деңгээлге чыкты
08.07.2025 | 21:46
Президент Садыр Жапаров бүгүн Тажикстанда Эмомали Рахмон менен өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасады.
Мамлекет башчысы эки тараптуу сүйлөшүүлөр достук жана конструктивдүү маанайда өткөнүн белгилеп, чек аранын делимитация процесси ийгиликтүү аяктаганын тарыхый жетишкендик катары баалады.
Сүйлөшүүлөрдүн алкагында:
- Саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы көптөгөн маселелер каралды;
- Көптөгөн документтерге, анын ичинде чек араны жөнөкөйлөтүү, соода, билим берүү жана туризм тармактарындагы кызматташууга байланыштуу макулдашууларга кол коюлду;
- «Карамык» жана «Бордөбө» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иши жанданды;
- CASA-1000 долбоорунун мааниси өзгөчө белгиленип, аны ийгиликтүү аяктоо максатында биргелешкен аракеттер колдоого алынды;
- Эл аралык жана аймактык уюмдарда кызматташтыкты күчөтүү ниети ырасталды;
- Маданият, билим берүү, жаштар алмашуусу жана этностордун укуктарын сактоо боюнча гуманитардык кызматташтык кеңейет.
Садыр Жапаров Эмомали Рахмонду каалаган убакта Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө расмий чакыруусун билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар
Теги: расмий билдирүү, Садыр Жапаров