Бишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулатКытай 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү болду
«Качкын» тасмасы Кытайдан “эң мыкты сценарий” наамын жеңип алды
10.07.2025 | 16:25
Кыргызстандын «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы тарткан «Качкын» тасмасы дагы бир эл аралык ийгиликке жетишти. Ал 3–7-июль күндөрү Кытай Эл Республикасынын Чунцин шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун кинофестивалында “Эң мыкты сценарий” сыйлыгы менен сыйланды.

Сыйлыкты тасманын сценарий авторлору Дастан Жапар Рыскелди жана Актан Рыскелдиевдин ордуна актриса Мээрим Атантаева алып чыкты. Ал тасмада башкы каармандардын бирин ойногон.
«Качкын» 2024-жылы тартылып, ошол эле жылдын октябрь айында Түштүк Кореядагы Пусан эл аралык кинофестивалында дүйнөлүк бет ачарын өткөргөн. Ошондон бери тасма бир катар эл аралык фестивалдарда көрсөтүлүп, бир нече сыйлыктардын ээси болуп келе жатат.
Рубрики: Турмуш образы
Теги: Кино