Тарых музейинде Баткен облусунун социалдык турмушуна арналган көргөзмө ачылдыКыргызстанда жеке ишкердикти кантип жабуу керек? Салык кызматы жол-жобосун түшүндүрдүБишкек абанын булганышы боюнча 7-орунду ээледиКундус Кырбашева климат кантип Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн 4%ын тартып алышы мүмкүн экенин айттыЧыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасманын тизери жарыяландыӨкмөт башчы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолундагы туннелдин курулушу менен таанышты
Бишкекте өтө турган кыргыз-монгол бизнес-форумуна ишкерлер чакырылат
17.07.2025 | 11:13
21-июлда Бишкекте кыргыз-монгол бизнес-форуму өтөт. Иш-чара Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында өтөт. Бул тууралауу Соода-өнөр жай палатасы кабарлады.
Форумдун алкагында кыргыз жана монгол компанияларынын ортосунда B2B-жолугушууларды өткөрүү каралган.
Иш-чара Монголиянын улуттук соода-өнөр жай палатасынын көмөгү менен уюштурулуп, эки тараптуу экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана түз ишкер байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.
Катышууга төмөнкү тармактарда иштеген компаниялар чакырылат:
- маалыматтык технологиялар (МКТ),
- айыл чарба өнөр жайы,
- тамак-аш өнөр жайы,
- логистика жана транспорт,
- туризм ж. б.
Иш-чарага катышууга арыз берүү үчүн бул шилтемедеги форманы толтуруу керек.
Каттоо жана кошумча маалымат алуу үчүн байланыш: +996 709 868 935
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: бизнес-форум, кыргыз-монгол