Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Бишкек мэриясы өзбекстандык «Hyper Partners» ишканасы менен инвестициялык келишимге кол койду
17.07.2025 | 12:01

Министрлер кабинетинин атынан Бишкек шаарынын мэриясы менен Өзбекстандын «Hyper Partners» ишканасынын ортосунда инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Келишимде борбор калаада көп функционалдуу комплексти куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу каралган. Аталган комплексте төмөнкүлөр болот:
- заманбап бизнес борбору;
- турак жай жана соода аймактары;
- мейманканадагы батирлер;
- соода жана коомдук тамактануу объектилери;
- эс алуу зоналары, жашылдандыруу жана унаа токтотуучу жайлары бар көрктөндүрүлгөн аймак.
Долбоор шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, инвестициялык климатты жакшыртууга, жумуш орундарын түзүүгө багытталган.
Долбоордо ошондой эле Октябрь районунун №8 МАБнын аймагында аянты 3,3519 га болгон окуу комплексин куруп, мамлекетке өткөрүп берүү каралган. Билим берүү комплексинде 25 миң кишиге ылайыкталган мечит жана медресе да курулат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: инвестиция, келишим