Чет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салындыЧет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздүКыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышатБишкек шаарында Хорватиянын консулдугу ачылды
Ош – Баткен – Раззаков жолу: сел каптаган тилке тазаланып, жол ачылды
17.07.2025 | 12:21
Ош – Баткен – Раззаков автожолунун сел каптаган тилкелери толук тазаланып, унаа кыймылы калыбына келтирилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, тазалоо иштерин №2 жол тейлөө ишканасы аткарып, кырдаал көзөмөлгө алынган.
Эске сала кетсек, 16-июлда кечки саат 18:00 чамасында жааган нөшөрдүн кесепетинен жолдун 209-чакырымында сел жүрүп, унаа жол убактылуу жабылган.
Учурда жол каттамы толугу менен жанданды. Жеринде техникалар иштеп, жол коопсуздугу камсыздалды.
Рубрики: Коом