Оштун мэри Камчыбек Ташиев менен сүйлөшкөнүн айтып, акыркы окуялар боюнча пикирин билдирдиСалык кызматы Бишкектеги коомдук тамактануу тармагында кирешени жашыруу схемасынын бетин ачтыОшто мыйзамсыз курулуштар турган жер скверге айландыПрезиденттик шайлоону өткөрүү боюнча Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган 75 киши суракка алынып, үчөө камалдыКыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери Apolitical платформасы менен биргеликте жасалма интеллектти колдонууга окутулатПрезиденттин тапшырмасы менен Камчыбек Ташиев Мамлекеттик күзөт кызматынын коргоосунда калат
Ош – Баткен – Раззаков жолу: сел каптаган тилке тазаланып, жол ачылды
17.07.2025 | 12:21
Ош – Баткен – Раззаков автожолунун сел каптаган тилкелери толук тазаланып, унаа кыймылы калыбына келтирилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, тазалоо иштерин №2 жол тейлөө ишканасы аткарып, кырдаал көзөмөлгө алынган.
Эске сала кетсек, 16-июлда кечки саат 18:00 чамасында жааган нөшөрдүн кесепетинен жолдун 209-чакырымында сел жүрүп, унаа жол убактылуу жабылган.
Учурда жол каттамы толугу менен жанданды. Жеринде техникалар иштеп, жол коопсуздугу камсыздалды.
Рубрики: Коом