Түштүк Кореяда 4 миңден ашуун кыргызстандык жумушка орношууга кызыкдарСанкт-Петербург шаары Кыргызстан менен шаар башкарууну санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшөтКыргызстандын банктарындагы юридикалык жактардын аманаттары бир айда дээрлик 6 эсеге кыскардыБишкек абанын булганышы боюнча 22-орунду ээледиАлдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран Вьетнамдан Бишкекке алынып келиндиКыргызстанда 250 бала фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда
Салык кызматы жана “D Billions” балдар үчүн анимациялык тасма даярдашты
18.07.2025 | 07:25
Мамлекеттик салык кызматы белгилүү “D Billions” тобу менен биргеликте балдар жана өспүрүмдөр үчүн мультимедиалык анимациялык тасма даярдады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Анимациялык тасманын негизги максаты — жаш муунга мекенге болгон сүйүүнү, жарандык жоопкерчиликти жана коомдук аң-сезимди жөнөкөй, жеткиликтүү жана кызыктуу формада үйрөтүү.
Мультфильм аркылуу төмөнкү баалуулуктар көрсөтүлөт:
- ар бир жарандын өлкө өнүгүшүнө кошкон салымынын мааниси;
- жаратмандык жана позитивдүү аракеттерге мотивация берүү;
- коомдук жоопкерчилик жана активдүү жаран болууга үндөө.
Анимация жандуу музыка, жаркын образдар жана эмгекчил каармандар аркылуу балдардын көңүлүн бурат жана мамлекеттин гүлдөп өсүшүнө салым кошуу ар бир жарандын колунан келерин көрсөтөт.
Рубрики: Маданият