ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады
Ысык-Көлдө “Мурас” ат чабыш турнири жана белгилүү ырчылар катышкан концерт өтөт
21.07.2025 | 14:19
26-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы борбордук ат майданда “Мурас” ат чабыш турнири өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Турнирде улуттук ат оюндары, таймаштар, тарыхый маданиятты чагылдырган этно-дефилелер жана шоу-программалар уюштурулат.
Иш-чара саат 15:30да, ал эми концерттик бөлүк саат 18:00дө башталат.
Концертте белгилүү ырчылар: Гүлжигит Калыков, Омар, Малика-Дина, Ахти, Нурчолпон, Иса Өмүркулов, Ислам Сатаров, Элера Кабылжан кызы, Самат Уланбеков ырдайт. Ошондой эле белгилүү этнодизайнер Асель Калканова жетектеген «Аталар Изи» тобунун өзгөчө этно-шоусу өтөт.
Иш-чарага кирүү акысыз, орундар чектелүү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом