Маркировкасы жок болгондуктан Казакстандан келген 22 тонна картошка Кыргызстанга киргизилген жокЭки жумалык ок атышууну токтотуу: Тегеран менен Вашингтон эмне тууралуу макулдаштыГрек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык үч балбан Азия чемпиону болдуШерадил Бактыгулов: «Энергетикалык согуш» дүйнөлүк рыноктордун архитектурасына кандай таасирин тийгизүүдө?Бүгүн, 8-апрелде, көпчүлүк аймактарда жаан жаайтКыргызстанда КММдин кымбатташы Жакынкы Чыгыштагы абалга байланыштуу — Нефтетрейдерлер ассоциациясы
Бишкекте жаңы жолдун курулушу башталды
21.07.2025 | 14:44
Бишкек шаарында дагы бир жаңы жолдун курулушу башталууда. Калаа башчысы Айбек Жунушалиев бүгүн ЖЭБдин жанындагы жаңы жолдун курулушу пландалган аймакка барып, жеринде таанышуу иштерин жүргүздү.
Мэриядан кабарлашкандай, Мэр тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берип, курулушту өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү талап кылды.
Жолдун узундугу: 800 метр, туурасы: 8 метр, тротуар: 2 метрден ашык болуп бир капталына курулат
Жол куруу иштери Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгына жүктөлдү.
“Ошондой эле унаа токтотуучу жайларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды жана даярдык иштерин ыкчам баштоону милдеттендирди”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар