Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
“Мейкин Азия” — музыка, достук жана маданий көп түрдүүлүк
21.07.2025 | 15:04
“Мейкин Азия” эл аралык музыкалык фестивалы кадимки сахналык форум чегинен чыгып, маданий диалогтун эл аралык символуна айланды. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Марат Иманкулов фестивалдын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, фестиваль маданияттардын ачыктыгын, ар түрдүүлүгүн жана биримдигин чагылдырган маанилүү иш-чарага айланды.
“Музыка — чек араны билбеген тил. Ал элдерди жакындатат, чыгармачылыкка шыктандырат, тынчтык жана гуманизм идеяларын бекемдейт”, — деди Иманкулов.
Фестиваль 20–22-июль күндөрү Ысык-Көл жээгинде өтүп жатат. Ага Азия жана Европанын 25тен ашык өлкөсүнөн артисттер катышууда. Коноктордун арасында AY YOLA (Россия), армениялык ырчы Севак жана казакстандык жылдыз Димаш Кудайберген да бар.
Рубрики: Коом