Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бишкекте жаңы жолдун курулушу башталды
21.07.2025 | 14:44
Бишкек шаарында дагы бир жаңы жолдун курулушу башталууда. Калаа башчысы Айбек Жунушалиев бүгүн ЖЭБдин жанындагы жаңы жолдун курулушу пландалган аймакка барып, жеринде таанышуу иштерин жүргүздү.
Мэриядан кабарлашкандай, Мэр тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берип, курулушту өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү талап кылды.
Жолдун узундугу: 800 метр, туурасы: 8 метр, тротуар: 2 метрден ашык болуп бир капталына курулат
Жол куруу иштери Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгына жүктөлдү.
“Ошондой эле унаа токтотуучу жайларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды жана даярдык иштерин ыкчам баштоону милдеттендирди”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар