24-март: Өлкөнүн түндүк аймактарында жаан жаайтЫсык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтотту
АКШда учуп бараткан Boeing учагынын кыймылдаткычы күйүп кеткен
21.07.2025 | 17:52
АКШда Boeing 767 учагы учуп бара жатканда сол кыймылдаткычы өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу америкалык ABC7 басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Дельта авиакомпаниясына таандык учак Лос-Анжелестен Атланта шаарына учуп чыккан. Учакта экипаждын 9 мүчөсү жана 226 жүргүнчү болгон.
Учкучтар өрттү көргөндө учакты кайра буруп, аэропортко кондурушкан. Бардык жүргүнчүлөр учактан аман-эсен чыгарылган. Delta компаниясы жүргүнчүлөрдү Атлантага башка рейс менен жеткиришкенин билдирди.
Азыркы учурда териштирүү жүрүп жатканы айтылды.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар