24-март: Өлкөнүн түндүк аймактарында жаан жаайтЫсык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтотту
Өзгөндө дарыгер УКМКнын кызматкерине 300 миң сом пара сунуштаган деген шек менен кармалды
21.07.2025 | 18:07
Өзгөн райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Б.Г.Т. 300 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК аталган ооруканада текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында жогоруда аталган башкы дарыгер мыйзам бузууларды жашыруу жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу үчүн УКМКнын кызматкерине 100 000 сом пара сунуштаган. Баш тартуудан кийин ал акчаны 300 миң сомго чейин көбөйтүп, пара берүү аракетин уланта берген.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар