Кытай парламентинин төрагасы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу менен таанышты

24.07.2025 | 13:02

Бүгүн, 24-июлда Кытай парламентинин төрагасы Чжао Лэцзи «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу компаниясы» ЖЧКсына барышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Чжао Лецзи менен бирге аталган ишканага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутат Исхак Масалиев жана айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев барды.

Жетекчилерге компаниянын ишмердүүлүгү, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун долбоору жана учурда аткарылып жаткан жумуштар тууралуу кеңири маалымат берилди.

Өз кезегинде Чжао Лэцзи «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу Кытай менен Борбор Азиянын байланышын камсыздаган стратегиялык долбоор экендигин жана «Бир алкак, бир жол» демилгесинин алкагындагы үч тараптуу кызматташтыктын символу болуп саналарын баса белгиледи.

Scroll to Top