Башка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — Кулов
Аскердин өлүмүнө байланыштуу Президент ЖАМК төрагасы Чынгыз Кожошевге сөгүш жарыялады
24.07.2025 | 20:54
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы Чынгыз Кожошевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу расмий маалымат жарыяланды.
Сөгүш жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн берилди. Тактап айтканда, ЖАМК системасында укук тартибин камсыздоого көзөмөл жетишсиз болгондугу, ошондой эле аскер кызматкерлеринин өз жанын кыюу фактыларына алып келген уставдык эмес мамилелерди алдын алуу боюнча натыйжалуу чаралар көрүлбөгөндүгү үчүн тартиптик жаза колдонулду.
Бул чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине жана укук коргоо органдарынын тартиптик уставына ылайык кабыл алынган.
Рубрики: Жаңылыктар