Медиа кызматташтык: Тажик журналисттеринин делегациясы Кыргызстанга келди
Тажикстандын алдыңкы маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн турган делегация Кыргызстанга келишти. Бул сапар Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тарабынан уюштурулду.
Сапардын максаты — маалыматтык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, кесиптик тажрыйба алмашуу менен бирге Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү, коңшулук мамилени жана ишенимди бекемдөө.
Кыргызстанда болуу учурунда тажик журналисттери өлкөнүн алдыңкы ЖМКларынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ошондой эле улуттук каада-салттар, этнотуризм, кооз жаратылыш жана меймандос атмосфераны камтыган маданий программага катышат.
Эскерте кетсек, буга чейин ушундай эле долбоорлор Казакстан жана Өзбекстандын журналисттери менен да ийгиликтүү ишке ашырылган.