Бишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырдыКатуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталуудаБаткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды
“Окуу китеби” басма үйүнүн жетекчиси дайындалды
25.07.2025 | 09:51

Төлөгөн Аматов “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Агартуу министрлиги ал өткөрүлгөн ачык конкурстун негизинде тандалып алынганын билдирди.
Маалыматка ылайык, Аматов И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин маалыматтык технологиялар факультетин (Автоматташтыруу жана башкаруу адистиги боюнча) жана Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын (Санариптик мамлекеттик башкаруу адистиги боюнча) бүтүргөн.
Эске салсак, бул кызматта буга чейин Ильяс Сарыбаев иштеген, бирок ал жеке арызынын негизинде кызматтан кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: "Окуу китеби" басма үйү