Кыргызстанда күздүк дан өсүмдүктөрүнүн сертификацияланган үрөндөрү сатыкка чыктыБишкектеги орус театрында Вячеслав Виттихтин «Өлүк жандар» спектакли көрсөтүлөтОшто жергиликтүү дыйкандар менен өндүрүшчүлөрдүн «Түштүк Экспо-2026» жарманкеси өтүүдө«Батыш ишеним кризисине кабылды» — ЕАЭБдин товардык-чийки зат биржасынын башчысы«Тазалык» ишканасына 22 даана атайын техника тапшырылдыБишкекте 40 таштанды сорттоочу пункт түзүлүүдө
Жарым жылда Бажы кызматы бюджетке 64 млрд сомдон ашык каражат төктү
25.07.2025 | 10:48

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында бюджетке 64,1 млрд сом бажы төлөмдөрү түштү. Бул тууралуу 24-июлда өткөн Бажы кызматынын башчысы Алмаз Салиевдин төрагалыгы алдында өткөн кеңешмеде айтылды.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын II кварталында бажы төлөмдөрүнөн 33 млрд сом түшүп, план 102%га аткарылган. Ал эми биринчи жарым жылдыкта бюджетке 64,1 млрд сом бажы төлөмдөрү түшкөн. Бул белгиленген пландан 928,3 млн сомго көп.
Ошондой эле кеңешмеде бажы органдарынын укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча ишинин жыйынтыктары да каралган.
Биринчи жарым жылдыкта бажы мыйзамдарын бузуу боюнча жалпы 4 миң 17 факт аныкталып, анын ичинде административдик укук бузуулар боюнча 3 миң 816 иш козголгон. Тиешелүү органдарга 201 материал өткөрүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: Бажы кызматы, бажы төлөмү