Мамлекеттик гимндин жаңы редакциясы үчүн мыкты 5 текст тандалды

28.07.2025 | 08:47

Мамлекеттик катчы Марат Иманкуловдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимндин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын төртүнчү жыйыны өттү. Бул тууралуу мамлекеттик катчы социалдык тармактагы баракчасында маалымдады.

Анын айтымында, сынакка 2024-жылдын 16-июнунан 17-июлуна чейин жазуу түрүндө жана электрондук почта аркылуу 79 жарандан 132 долбоор кабыл алынган. Сынактын ачык-айкын жана адилеттүү өтүшү үчүн авторлордун аты-жөнү көрсөтүлбөй, ар бир эмгек атайын шифр менен комиссиянын кароосуна коюлган.

Комиссиянын маалыматына ылайык, жобого ылайык баалоо критерийлеринин негизинде эң көп упай топтогон 5 текст тандалып алынды. Эми тандалган бул тексттердин негизинде музыкалык чыгарма жаратуу боюнча жаны этаптагы сынак жарыяланат.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top