Онкологиялык бейтаптар химиотерапияны отуруп алууга мажбур — ДжаманбаеваСыргак Кенжебаев массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелип кармалдыТергөөдөгү мыйзам бузуулар боюнча эң көп арыз ИИМге түшкөн — АкыйкатчыКыргызстанда жеке маалыматтарды сыртка чыгарып жибергендер үчүн 140 миң сомго чейин айып пул салындыКыргызстанда 2027-жылдын 1-сентябрынан тарта студенттердин стипендиялары көбөйтүлөтСадыр Жапаров чек арачыларга 30 млн сом бөлүп, Ошто аскердик комплексти ачты
МинКаб Төрагасынын Алтай Республикасына жумушчу сапары аяктады
28.07.2025 | 08:50
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин Россиянын Алтай Республикасынын Тоолу-Алтай шаарына болгон жумушчу сапары жыйынтыкталды.
Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, сапардын алкагында Касымалиев “Манжерок” (Миң жүрөк) эс алуу курортунда өткөн Эл аралык экологиялык конференцияга катышып, пленардык жыйында сөз сүйлөдү. Иш-чарага Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Тажикстандын өкмөт башчылары да катышты.
Конференцияда дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү, экологиялык кооптуулуктар жана аларга биргелешип каршы туруу жолдору талкууланды. Ошондой эле эксперттик жана тематикалык сессиялар өткөрүлүп, катышуучулар экология тармагындагы тажрыйбаларын бөлүшүп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн карашты.
Рубрики: Жаңылыктар