Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министрин Чолпон-Ата шаарында кабыл алды
Бүгүн, 31-июлда Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында расмий сапар менен келген Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидовду кабыл алды.
Жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл экономикалык, инвестициялык жана маданий чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүгө бурулду. Мындан тышкары, Камбарата ГЭС-1дин жана “Кыргызстан–Кытай–Өзбекстан” темир жолунун курулушу сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлор боюнча кызматташуу маселелери көтөрүлдү.
Президент Садыр Жапаров боордош элдерди кылымдар бою байланыштырып келген жалпы тарых, маданий жакындык жана руханий баалуулуктар тууралуу өзгөчө баса белгиледи. Ал Өзбекстандын тышкы иштер министринин расмий сапары – кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн жана бир туугандык мамилелердин жогорку деңгээлинин ачык далили экенин белгиледи.
Өз кезегинде Бахтиёр Саидов Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин жылуу саламын жана жакшы каалоолорун жолдоп, Мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн бардык аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.