«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Кыргызстан өзүнүн чыгармачылыгын “Интервидение–2025” сынагында көрсөтөт
31.07.2025 | 13:44

«Интервидение–2025» музыка сынагы 20-сентябрда Москвадагы «Live Аренада» өтөт. Бул конкурска Кыргызстандын атынан Бек Исраилов, Минжашар Мурзаев жана Азат Раимбердиевден турган «Номад» триосу катышат.
Бул сынак тууралуу Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева “Sputnik Кыргызстанга” комментарий берди.
Тойгонбаеванын айтымында, аталган сынакка катышуу – бул чоң жоопкерчилик жана өлкөдө ырчылык өнөрдү өнүктүрүүгө маанилүү мүмкүнчүлүк. Ошондой эле жаш аткаруучулар үчүн кийинки сынактарга даярданууга түрткү берет.
Сынактын баш байгеси 300 миң еврону түзөт. Бүгүнкү күндө бул иш-чарага 20дан ашуун өлкө катышарын ырастаган.
Рубрики: Турмуш образы
Теги: Интервидение–2025