12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулат
АКШ 69 өлкө үчүн импорттук тарифтерди киргизди
01.08.2025 | 17:12

АКШ президенти Дональд Трамп 69 мамлекетке, аймакка жана Европа Биримдигине карата жаңы импорттук төлөмдөрдү киргизген бир нече жарлыкка кол койду.
Маалыматка ылайык, бул жаңы тарифтер жети күндөн кийин күчүнө кирет. Ал эми Канада үчүн дароо күчүнө кирет.
Төлөмдөрдүн көлөмү ар бир мамлекет үчүн ар башка, 10%дан 41%га чейин белгиленген.
Канадага карата импорттук төлөмдөр 25%дан 35%га чейин жогорулатылган. Эң жогорку бажы тарифи Сирияга (41%) карата киргизилсе, эң төмөнкү тариф Улуу Британияга (10%) карата киргизилген.
Мындан тышкары Казакстан үчүн 25%, ал эми Түркия үчүн 15% деп белгиленген.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар
Теги: АКШ, бажы төлөмү