Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги экс чиновниктерге таандык мыйзамсыз курулуштар буздурулдуЖарандардын жана ишкерлердин салык түйшүгүн азайткан мыйзамга кол коюлдуТалас районунда минералдык суу чыгара турган ишкана ачылатКызыл-Кыя мэриясынын кызмат адамдары коррупцияга шектелип камалыштыАйдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процедурасы жөнөкөйлөтүлөт. Адылбек Касымалиев тапшырма бердиЭми Tunduk тиркемесинен дипломдорду электрондук түрдө алууга болот
Талас районунда минералдык суу чыгара турган ишкана ачылат
04.08.2025 | 16:33

Талас районунун Беш-Таш айыл аймагында “Арашан” минералдык ичүүчү суу өндүрүүчү чакан ишкана ишке кирет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор Талас райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен жүзөгө ашырылууда. Курулуш иштерине жалпы 10 млн 147 миң сом каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары жабдууларды сатып алууга 7 млн сом өзүнчө бөлүнгөн.
“Жаңы ишкана ишке киргенде 7-10 адамга жаңы жумуш орундары түзүлөт. Бул жергиликтүү тургундардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга жана сапаттуу минералдык сууну пайдаланууга шарт түзөт”,- деп билдирди министрлик.
Азыркы учурда курулуш иштери толук аяктап, өндүрүш үчүн керектүү жабдууларды сатып алуу боюнча тендердик жараян жүрүп жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: минералдык суу, Талас