Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалдыКоргоо ордерине карабай, жубайына зомбулук көрсөткөн. Бишкекте 49 жаштагы жаран кармалдыЭксперт: ЖК Төрагасы кызматына аялдын дайындалышы өлкө үчүн «турукташтыруучу фактор» болушу мүмкүнАймактардагы 220 мектепке лабораториялык жабдуулар жана ноутбуктар берилдиБишкекке 95 жаңы автобус жана 42 бирдик атайын техника берилдиБишкектин 7-апрель көчөсүндө жылуулук түтүгү жарылды. Мэрия оңдоо иши башталганын билдирди
Кыргызстанда жер титиреди. Жалал-Абадда дубалдардан жарака кетти
05.08.2025 | 22:04

Бүгүн Кыргызстанда жер титирөө катталып, анын күчү айрым аймактарда 5 баллга чейин жетти. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Жалал-Абад шаарынан 50 км түндүк-батышты, Токтогулдан 63 км түштүк-батышты карай жайгашкан.
Жер титирөө сезилген деңгээл:
- Майлуу-Суу – 5 балл
- Жалал-Абад – 4 балл
- Токтогул – 3,5 балл
- Бишкек – 2,5 балл
ӨКМдин маалыматы боюнча, Жалал-Абадда жана Базар-Коргондо эки үйдүн, Сузакта мектептин спорт залынын дубалдарынан жарака кеткен. Министр Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен облустук башкармалыкта “айгай” жарыяланды, Майлуу-Сууга ыкчам топ жөнөтүлдү.

Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар