ИИМ: Райым Матраимовдун өкүл баласы мамлекеттик жерди мыйзамсыз менчиктештирүүгө байланыштуу кармалдыМедер Абакиров менен АКШнын элчиси Лесли Вигери кыргыз-америка кызматташтыгындагы маселелерди талкуулаштыРоссия менен Азербайжандын ортосундагы жаңжал — Борбор Азия үчүн тынчсыздана турган белги, — экспертАдылбек Касымалиев Жалал-Абадда ипотекалык көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу менен тааныштыШашылыш билдирүү: Ысык-Көл жана Нарындын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүнЭл аралык маанидеги Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа унаа жолун оңдоп-түзөө иштери аяктоо алдында
БУУ Өзбекстанда агроинновациялык хаб түзөт
06.08.2025 | 16:41

Бириккен Улуттар Уюму Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү үчүн Өзбекстанда агроинновациялык хаб түзүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, демилге Түркмөнстанда өткөн деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясында Өзбекстандын айыл чарба министри Иброхим Абдурахманов менен БУУнун башкы катчысынын орун басары Рабаб Фатима жолугушуусунда талкууланган.
Агроинновациялык хабдын максаты — деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү чектелүү шарттарында аймактагы өлкөлөрдүн ортосунда туруктуу диалогду жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде технологиялар менен алмашуу жана чогуу изилдөөлөрдү жүргүзүү.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар