ЖК комитети инвесторлорго жер берүүнүн жаңы эрежелерин жактырдыДКО: көк бөрү жана көк парга кире албагандар билеттин акчасын кайтарууга 20-сентябрга чейин билдирме бериши керекЧыңгыз Ахматов Кыргызстандын башкы прокурорунун биринчи орун басары болуп дайындалдыЖогорку Кеңештин 2025-жылдагы бюджети дээрлик 72 пайызга көбөйгөнЕАЭБде жыгачтан жасалган таңгактоочу материалдар үчүн фитосанитардык сертификат талабы алындыКыргызстандын мугалимдери түрк элдеринин тарыхы боюнча эң акыркы маалыматтарды алышты
БУУ Өзбекстанда агроинновациялык хаб түзөт
06.08.2025 | 16:41

Бириккен Улуттар Уюму Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү үчүн Өзбекстанда агроинновациялык хаб түзүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, демилге Түркмөнстанда өткөн деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясында Өзбекстандын айыл чарба министри Иброхим Абдурахманов менен БУУнун башкы катчысынын орун басары Рабаб Фатима жолугушуусунда талкууланган.
Агроинновациялык хабдын максаты — деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү чектелүү шарттарында аймактагы өлкөлөрдүн ортосунда туруктуу диалогду жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде технологиялар менен алмашуу жана чогуу изилдөөлөрдү жүргүзүү.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар