Кыргызстандын банктарындагы юридикалык жактардын аманаттары бир айда дээрлик 6 эсеге кыскардыБишкек абанын булганышы боюнча 22-орунду ээледиАлдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран Вьетнамдан Бишкекке алынып келиндиКыргызстанда 250 бала фостердик үй-бүлөдө тарбиялануудаАялын атып өлтүрүүгө шектелип жаткан мурдагы милиция кызматкерине карата иликтөөнү эми УКМК жүргүзөтПрезидент тышкы карызды төлөө боюнча Финансы министрлигинин божомолунан эки эсе ашкан суммаларды атады
Президент “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзамга кол койду
07.08.2025 | 10:32

Президент Садыр Жапаров “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты — Кыргызстанда көз карандысыз, атаандаштыкка жөндөмдүү жана жоопкерчиликтүү массалык маалымат каражаттарын (ММК) өнүктүрүү үчүн укуктук шарттарды жакшыртуу.
Мыйзамда төмөнкү негизги жоболор камтылган:
- ММКны каттоо, кайра каттоо жана жоюу тартиби, маалыматка жетүү укугу, юстиция органдарынын чечимине жараша ММКнын катталган деп эсептелиши жана ишмердүүлүктү токтотуу негиздери;
- Журналисттердин кесиптик ишине жана ММКнын уюштурулушуна тиешелүү ченемдер;
- Цензурага жана кызмат адамдарынын кийлигишүүсүнө тыюу салуу;
- ММКнын маалымат булагын жашыруун сактоого укугу (соттун талабы болбосо);
- ММК, редакция жана журналисттердин жоопкерчилиги жана айрым шарттарда жоопкерчиликтен бошотуу механизмдери;
- Кыргыз Республикасында чет элдик жарандардын жана компаниялардын ММКдагы үлүшү 35%дан ашпоосу керектиги белгиленген;
- Редакциялык саясатта этикалык стандарттарды сактоо милдеттендирилген.
Рубрики: Жаңылыктар