Казакстанда Борбордук Азиядагы эң ири шамал электр станциясынын курулушу башталдыБишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдөКытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары 4-апрелден тарта ишин убактылуу токтототБишкекте «Жеңиш 9/45» кыймылынын эгидасы астында «Кинопанорама» кинофоруму башталдыТрамп көпүрөлөрдү талкалайм деп коркутуп, Ирандан тезинен келишим түзүүнү талап кылдыКыргызстан малды шарп оорусунан коргоо үчүн Россиядан 4,5 миллион доза вакцина сатып алат
Германияда аукциондо Пикассонун жасалма сүрөттөрү сатылган
07.08.2025 | 11:45

Германиянын Штутгарт шаарындагы аукциондо Пабло Пикассонун эки жасалма гравюрасы сатылган. Бул тууралуу DW жазды.
Маалыматка ылайык, бир сүрөт Вормс шаарындагы арт-дилерге, экинчиси австриялык коллекционерге сатылган. Сүрөттөрдүн жасалма экендигин полиция Мюнстер шаарындагы Пикассо музейи менен биргеликте аныктап чыккан.
Тергөөнүн версиясы боюнча, бул жасалма иштердин артында Италиянын жараны турат. Ал көп жылдан бери Пикассонун 1930–1937-жылдары жараткан Suite Vollard аттуу 100 офорттон турган сериясынын көчүрмөлөрүн жасап келгени менен таанымал.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар
Теги: Германия, Пабло Пикассо