Келерки жылдын июнунда Ысык-Көл эл аралык форумунун 40 жылдыгы белгиленет

08.08.2025 | 13:52

Өлкө башчы Садыр Жапаров 2026-жылдын июнь айында Ысык-Көл эл аралык форумунун 40 жылдыгын өткөрүү боюнча буйрукка кол койду. Тескеме Эркин-Тоо гезитине жарыяланды.

Маалыматка ылайык, форум 1986-жылы көрүнүктүү гуманист жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен негизделген. Ал адамзаттын келечеги, прогресстин этикасы, маданияттын глобалдык саясаттагы орду жана интеллигенциянын дүйнө алдындагы тарыхый жоопкерчилиги тууралуу терең жана ачык диалог жүргүзүүчү аянтча катары түзүлгөн.

Тескемеде форумдун юбилейлик иш-чарасын өткөрүүдөгү негизги максат — форумдун мурасын сактоо, аны өнүктүрүү жана улуттук жана эл аралык деңгээлде мазмундуу талкууларды жандандыруу экени айтылган.

Форумду даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын үч айдын ичинде даярдап, беките турган уюштуруу комитети түзүлдү. Форумдун уюштуруу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлдү.

Теги: Ысык-Көл
Scroll to Top