Садыр Жапаров: Жайлоолорду техника менен тебелебегиле

Президент Садыр Жапаров жайыттарды сактоо жана экологияны коргоо зарылдыгын белгилеп, жайлоолорду техника менен тебелебөөгө чакырды. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Мамлекет башчысы өлкө аймагындагы Каркыра, Ат-Башы, Ала-Бука, Чаткал, Алай, Чоң-Алай сыяктуу ири жайлоолорду кыдырып, көпчүлүк жерлерде жайыттар оор техникадан жабыркап, жолдор пайда болгонун билдирди.
“Жайлоолор такыр боло баштаган. 1970-жылдардан бери урук себилген эмес. Акыркы 4–5 жылдан бери урук себүү иштерин жүргүзүп келебиз, бирок бир жылда бардык жайлоолорду камтуу мүмкүн эмес”, — деди Жапаров.
Ал ошондой эле жайлоолордо таштанды маселесине токтолуп, жайлоочуларды жана туристтерди тазалыкты сактоого, көк шиберди коргоого жана айлана-чөйрөгө этият мамиле кылууга чакырды.