Садыр Жапаров Кыргызстандын алгачкы улуттук спутнигин учуруу үчүн Лос-Анжелеске бардыМамлекетке кайтарылган мүлктү баалоодо 200 млрд сомго жакын айырма чыктыКыргызстанда жыл сайын 1 миллионго жакын көчөт отургузулатБишкекте мамлекетке 182 миллион сомдук бала бакча кайтарылдыУлууларга урмат-сый жана камкордук ар бир үй-бүлөдө болушу керек — КР Мамлекеттик катчысыБишкекте жасалма документтерди даярдоого шектелип эки чет өлкөлүк жаран кармалды
Космонавт Салижан Шарипов Кыргыз Республикасынын паспортун алды
09.08.2025 | 14:08

Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев космонавт, Кыргыз Республикасынын Баатыры Салижан Шариповго Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун тапшырды.
Касымалиев бул тарыхый учурду «чоң сыймык» деп атап, Шариповду өлкөнүн сыймыгы катары белгиледи:
“Биз үчүн сиз ар дайым элибиздин космонавты болуп келгенсиз жана кала бересиз”, — деди ал.
Өз кезегинде Салижан Шарипов Кыргызстанга болгон байланышын ар дайым сезээрин жана ата мекени менен сыймыктанаарын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар