Ысык-Көл облусу толугу менен тамчылатып, жамгырлатып сугаруу ыкмасына өткөрүлөтКыргызстандык дарыгерлер үчүн Орусияда ординатурада окуу жана стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгү талкууландыФермерлерге жеңилдетилген насыя берүү үчүн «i-Dyikan» платформасы ишке киргизилетТөө-Ашууда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилдиЧүйдө жасалма айдоочулук күбөлүк колдонгон жаран кармалдыКоомдук ишмер Бекболот Талгарбеков ИИМге суракка жеткирилди
Баткенде короосуна баңги өсүмдүгүн өстүргөн жаран кармалды
11.08.2025 | 14:18

Баткен облусунун Кадамжай районунда короосуна жашыруун баңги өсүмдүгүн өстүргөн 65 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, шектүү өз үйүнүн короосунда жана жүзүм дарагынын арасында бою 2 метрге жеткен 4 түп баңги өсүмдүгүн мыйзамсыз өстүргөн. Кароо маалында өзгөчө жыты бар бул өсүмдүктөрдүн жалпы салмагы 13 кг 94 грамм экени аныкталып, конопля экендиги экспертизада тастыкталды.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголду.
Рубрики: Жаңылыктар